Шаирбек Ташиевдин камактагы мөөнөтү узартылды. Бул чечим Бишкектин Первомай райондук сотунда кабыл алынды.

Сот судьясы Ички иштер министрлигинин атайын маанилүү иштер башкармалыгынын улук тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канааттандырып, Ташиев Шаирбек Кыдыршаевич үчүн камакка алуу чарасын узартты.