2023-жылдын 13-июлунда, саат 20:42де Жалал-Абад облусунун аймагында Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту тарабынан катталган жер титирөө болду. Эпицентрде дүмпүүнүн күчү 3.5 баллды түздү. Эпицентр Макмал айылынан 17 км түштүк тарапта, Кош-Добо айылынан 25 км түштүк-батышта жана Манас шаарынан 75 км түндүк-чыгышта жайгашкан.

Сейсмологдордун маалыматына ылайык, өлкөнүн калктуу пункттарында сезилген дүмпүүнүн күчү 2.5 баллды түздү. Дүмпүүлөр Кош-Добо, Макмал, Кара-Добо, Байбиче жана Таш-Купыр айылдарында катталган.