Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин имаратынын капитальный ремонтуна байланыштуу, министрликтин кызматкерлери авариялык режимде иштөөгө мажбур болушууда. Бул тууралуу министр Мирбек Мамбеталиев билдирди.
Министрликтин жетекчисинин айтымында, 118 кызматкерден турган борбордук аппарат ар кандай жайларга көчүрүлгөн.