ЕАЭБдин электрондук соода боюнча жаңы эрежелеринин алкагында Кыргызстанда интернет-дүкөндөр үчүн бажы кампалары ачылат. Бул тууралуу Экономика министрлигинин бажы саясаты жана инфраструктураны өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Алина Кулжанова Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда билдирди.