Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү биргелешкен демаркация иштеринин алкагында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен тилкеден баштап алгачкы чек ара мамыларын орното баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.