Июль айында Ош шаардык мэриясында коомдук тамактануу жайларындагы санитардык нормаларды сактоого арналган комиссиянын жыйыны өтөт. Комиссия мэриянын ушул жылга карата иш планында түзүлгөн. Негизги максат — тамак-аштын коопсуздугуна байланыштуу санитардык талаптардын аткарылышын текшерүү.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 9-июлдагы мэриянын буйругу менен комиссия түзүлгөн, анын курамына Ош шаардык оорулардын алдын алуу борборунун, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн жана Ветеринардык кызматтын адистери кирген.

13-июлдан тартып комиссия рейддик текшерүүлөрдү баштады, анын жүрүшүндө Курманжан датка жана А. Шакиров көчөлөрүндөгү 10го жакын кафе жана тез тамактануу жайлары текшерилди.