Бишкекте, эл аралык «Манас» аэропортунда 115 метр узундуктагы LED-экран орнотула турганы пландалууда. «Кыргызстан аэропорттору» акционердик коомунун маалыматы боюнча, бул экран өлкөдөгү эң чоң экран болот.

Жаңы санарип экран аэропорттун негизги имаратында жайгашып, жүргүнчүлөр үчүн ар кандай маалыматтарды, жарнама материалдарын жана башка визуалдык билдирүүлөрдү көрсөтүү үчүн арналган.