Омбудсмен Джамили Джаманбаеванын кийлигишүүсүнүн натыйжасында, Эстониянын жараны Андри Юджиндин укуктары кыска убакыттын ичинде калыбына келтирилди. Бул тууралуу маалымат өлкөнүн негизги укук коргоочусунун пресс-кызматы тарабынан берилди.
Мурда Юджин административдик жоопкерчиликке тартылып, ага айып пул салынган жана Кыргызстандан чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү чектелген.