```html
Кыргызстан жана Тажикстандын өкүлдөрү мамлекеттик чек араны демаркациялоо процессинин алкагында биринчи чек ара стеллаларын орнотууну башташты. Жумуштар Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын чек араларынын кесилишкен жеринен башталган участкеде жүргүзүлүүдө.
Кабминдин маалыматы боюнча, эки өлкөнүн ортосундагы чек аранын жалпы узундугу 1008,14 км, анын ичинен 14,07 км нейтралдуу статуска ээ участкаларга тиешелүү.
2002-жылдын декабрь айында башталган чек араны делимитациялоо иштерин аяктоо эки тараптуу мамилелерде жаңы баракча ачкан маанилүү кадам болуп саналат. Бул жыйынтык Кыргызстан жана Тажикстандын президенттеринин саясий акылмандыгы жана ишениминин аркасында мүмкүн болду, бул эки тараптын жакын коңшулук жана бири-биринин кызыкчылыктарын урматтоо принциптерине берилгендигин тастыктап турат.
Маалыматка ылайык, 13-мартта Бишкекте мамлекет башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы боюнча келишимге кол коюшту, бул чек арадагы ишенимди бекемдөө жана туруктуулукту камсыз кылуу үчүн күчтүү укуктук негиз түзөт.