Америка Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп 17-июлда элге кайрылуу жасоону пландап жатат. Бул тууралуу ал Truth Social социалдык тармагында билдирип, чыгышынын темасын тактаган жок.

Трамп өзүнүн сөзүн бейшемби күнү кечинде, Чыгыш убактысы боюнча 21:00дө, Бишкек убактысы боюнча 17-июлда таңкы 7:00дө өткөрө турганын жарыялады. Ал өз билдирүүсүндө бул окуяга болгон кызыгуусу үчүн ыраазычылык билдирди.