Түркия жер титирөөд жапа чеккен Венесуэлага 30 тонна гуманитардык жардам жиберди
Интернеттен алынган сүрөт. Венесуэлага гуманитардык жардам
Түркиянын аскердик-транспорттук учактары Венесуэлага жер титирөөдөн жапа чеккен адамдар үчүн 30 тонна гуманитардык жардам жеткиришти. Жүк Симон Боливар атындагы авиабазага келип, аны Каракастагы Түркиянын элчиси жана Венесуэланын тышкы иштер министри тосуп алышты.

Гуманитардык жүктүн курамына 275 чатыр жана убактылуу лагерлерди түзүү үчүн жабдуулар кирди. Мындан тышкары, болжол менен 7 тонна дары-дармектер жана медициналык материалдар жөнөтүлдү.