
Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) визиттик картасы боло турган масштабдуу гуманитардык демилге түзүүнү сунуштады. Бул демилге жаштардын билим алуу жана диплом алуу менен чектелбестен, коңшу элдердин маданиятын тереңирээк түшүнүүгө багытталган. Ал бул тууралуу "ШКУ-2026 өлкөлөрүнүн цивилизациялар диалогу" иш-чарасы учурунда билдирди.