Соңку селге байланыштуу Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун аймагына III даражадагы “өзгөчө кырдаал” режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) аймактык башкармалыгы кабарлады.Нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында, Э.Алиев айыл аймагында жана Момбеков айыл аймагынын Бостон, Курулуш, Көп-Там айылдарында бир катар турак жайлардын короолорун, мал сарайларын жана соода жайларын каптап,...