Кыргызстандын энергетика министри Алтынбек Рысбеков эл аралык консалтингдик компаниясы Boston Consulting Group (BCG) менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага компаниянын директору жана өнөктөшү Игорь Алексеев, ошондой эле өкүл Андрей Лукьянов катышты.
Талкуунун жүрүшүндө BCG эксперттери ар кайсы өлкөлөрдүн энергетика секторундагы ири долбоорлорду ишке ашыруу жана консалтинг боюнча эл аралык тажрыйбаны сунушташты. Инфраструктуралык долбоорлор жана энергетика тармагындагы эффективдүү башкаруу боюнча дүйнөлүк практикаларга өзгөчө көңүл бурулду.
Тараптар Кыргыз Республикасынын энергетика секторундагы капиталдык долбоорлорду коштоо боюнча кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн, ошондой эле тармакты модернизациялоо жана алдыңкы эл аралык ыкмаларды киргизүү маселелерин талкуулашты. Алтынбек Рысбеков энергетика мамлекеттик саясаттын приоритети экенин белгиледи.
«Кыргызстанда энергетикалык инфраструктураны комплексдүү модернизациялоо, жаңы генерациялык кубаттуулуктарды куруу, тармактык комплексин өнүктүрүү жана энергия камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу иштери жүргүзүлүүдө. Стратегиялык демилгелерди эффективдүү ишке ашыруу үчүн мыкты эл аралык практикаларды колдонуу биз үчүн маанилүү», - деп кошумчалады министр.
Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар кызматташтыкты өнүктүрүү жана өлкөнүн энергетика секторундагы негизги долбоорлорду ишке ашыруу боюнча өз ара аракеттенүү формаларын талкуулоого кызыгуусун билдиришти.