Жогорку Кенештин спикери Марлен Маматалиев Ош облусунун Алай районундагы Гульча айылында жергиликтүү эл менен жолугушту. Жолугушууда жергиликтүү калктын социалдык жана экономикалык жашоосуна байланыштуу актуалдуу маселелер талкууланды.
Жолугушууда Маматалиев жарандардын суроолоруна кенен жооп берип, региондогу жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган демилгелерди колдоого даяр экенин билдирди. Ал ошондой эле учурдагы көйгөйлөрдү чечүү жана райондун тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу боюнча пландалган иш-чаралар жөнүндө маалымат берди.
Иш-чарада Ош облусундагы президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев, Жогорку Кенештин депутаттары, ошондой эле облустук жана райондук администрациялардын жетекчилери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жана Гульча айылында жашаган эл катышты.