Кыргызстан үчүн 15-июлга карата аба ырайынын божомолу.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, түнкү убакта Ош, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым аймактарында кыска мөөнөттүү жамгыр жана грозалар күтүлүүдө, ал эми өлкөнүн калган бөлүгүндө жаан-чачын болбойт.
Күндуз Ысык-Көл жана Нарын облустарында, ошондой эле Ош облусунун тоолуу аймактарында да кыска мөөнөттүү жамгыр жана грозалар болжолдонууда, ал эми Ош облусунун айыл чарба зонасында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Шамал батыш тараптан 4-9 м/с ылдамдыкта болуп, күндүз 15-20 м/с чейин күчөшү мүмкүн.
Аба температурасы:
Чүй облусу
түнкү убакта +17...+22
күндуз +35...+40
Талас облусу
түнкү убакта +16...+21
күндуз +30...+35
Баткен облусу
түнкү убакта +19...+24
күндуз +36...+41
Ош, Жалал-Абад облустары
түнкү убакта +19...+24
күндуз +36...+41
Ысык-Көл облусу
түнкү убакта +14...+19
күндуз +25...+30
Нарын облусу
түнкү убакта +12...+17
күндуз +23...+28
Бишкекте булутсуз аба ырайы күтүлүүдө. Шамал батыш тараптан 4-9 м/с ылдамдыкта. Түнкү минималдуу аба температурасы +19...+21° түзөт, күндүз максималдуу температура +35...+37° жетет.
Чолпон-Атада убакыт-убакыт кыска мөөнөттүү жамгыр жана грозалар болушу мүмкүн. Шамал дагы батыш тараптан 4-9 м/с ылдамдыкта. Түнкү минималдуу температура +16...+18°, ал эми күндүз максималдуу температура +25...+27° болот.
Ысык-Көл көлүнүн түндүк жээгинде 13-июлда күндүз суу температурасы +21,7°, ал эми 14-июлда эртең менен +20,7° болду.