

13-июлда Токио шаарында Кыргызстандын экономика жана соода министринин орун басары Беназир Нурланованын Япониянын JUKI компаниясынын президенти Ацуши Нарикава жана жергиликтүү тигүү ишканаларынын өкүлдөрү менен жолугушуусу өттү. Талкуунун негизги темасы Кыргызстандын тигүү тармагын модернизациялоо жана технологиялык жабдуулар менен камсыздоо боюнча кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү болду. Кыргыз тараптын JUKI компаниясынын республикадагы катышуусун кеңейтүү, анын ичинде тигүү жабдууларын тейлөө үчүн кызмат көрсөтүү жана техникалык инфраструктураны түзүү боюнча сунушу маанилүү тема болуп калды.