Казакстанда январь – июнь айларында нефть өндүрүү 8,4% га азайды, - РК Энергетика министрлиги

Казакстанда 2023-жылдын биринчи жарымында нефть өндүрүү көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 8,4% га кыскарды, ал эми газ өндүрүү 4,1% га азайды. Бул тууралуу энергетика министри Ерлан Аккенженов өкмөттүн жыйынында маалымдады, жергиликтүү маалымат каражаттары билдиришти.

Отчеттук мезгилде нефть өндүрүүнүн көлөмү 45,7 миллион тоннага жетип, бул өткөн жылдын деңгээлинин 91,6% ын түздү. Учурда нефть өндүрүүнүн көлөмүн жогорулатуу боюнча ири жер казынасын пайдаланган компаниялар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, деп белгиледи министр.