Улуттук статистика комитетинде 6-июлдан 10-июлга чейин структуралык метадата боюнча эл аралык эксперт Андреа Брунинин миссиясы өттү. Визиттин негизги максаты — эл аралык стандарттарга жана мыкты практикаларга ылайык структуралык метадатаны башкаруу системасын жакшыртуу үчүн эксперттик колдоо көрсөтүү.
Миссиянын алкагында Нацстаткомдун төрагасы Бактыбек Кудайбергенов Андреа Бруни менен жолугушту. Жолугушууда расмий статистиканын санарип инфраструктурасын өнүктүрүүнүн негизги багыттары, метадаталарды башкаруунун эл аралык стандарттарын киргизүү, ошондой эле чет өлкөлүк өнөктөштөр менен келечектеги кызматташуу жолдору талкууланды.

«Метадата системасын жакшыртуу статистикалык системаны модернизациялоонун эң маанилүү багыттарынын бири болуп саналат жана расмий статистикалык маалыматтын сапаты менен жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу үчүн зарыл шарт», - деди Кудайбергенов.Структуралык метадата заманбап расмий статистиканын негизги элементин түзөт. Алар статистикалык маалыматты уюштурууда бирдиктүү мамиле жасап, маалыматтарды түшүнүктүү, салыштырууга мүмкүн болгон жана издөө жана пайдаланууга ыңгайлуу кылат.
Бул мамлекеттик органдар, бизнес, илимий коомчулук, эл аралык уюмдар жана статистиканы пайдаланган бардык колдонуучулар үчүн актуалдуу, аларга негиздүү чечимдерди кабыл алуу үчүн сапаттуу жана так маалыматтар керек.