Баткенде өз кызматташынын жаагын сындыра урган чек арачыга кылмыш иши козголуп, кармалды. Бул тууралуу 14-июлда Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.Окуя 9-июль күнү, саат 15:00 чамасында катталган. Чек ара кызматынын 2051 аскер бөлүгүнүн келишимдик негизде иштеген аскер кызматкери, сержант С. у Э. Баткен областынын Лейлек районунун “Үч-Котон” жергилигинде инженердик жабдуу иштерин аткарып жатып, өз ара келишпестиктен улам 2057 аскер бөлүгүнүн С.Т.Д аттуу аскер кызматкеринин сол...