Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигинин алдындагы архитектуралык-курулуш контролунун мамлекеттик департаменти Бишкектеги 20 кабаттуу турак комплекси курулуш аянтчасында текшерүү жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгында, котловандын дубалдарын бекемдөө үчүн колдоо конструкцияларын орнотууда коопсуздук талаптарынын бардыгы сакталбагандыгы аныкталды.
Мындан тышкары, котловандын бир бөлүгүнүн калыбына келтирилиши, коңшу курулуш объектинен келген агын сууга байланыштуу жердин ашыкча нымдалышы себептүү бузулуп баштаганы белгиленди. «Окуянын натыйжасында жабыркагандар жок. Учурда курулуш компаниясы котловандын жабыркаган бөлүгүндө калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүдө, ошондой эле дубалдарын бекемдөө жана колдоо конструкцияларын кайрадан орнотуу боюнча кошумча чараларды көрүүдө», — деп маалымдалат билдирүүдө.