Иссык-Көлдө трагедия болду: 32 жаштагы эркек киши чөгүп кетти. Бул тууралуу маалыматты облустук Ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматтарга ылайык, окуя тууралуу билдирүү 13-июлда саат 21:30 чамасында Иссык-Көл райондук Ички иштер бөлүмүнүн кезекчи бөлүмүнө түшкөн. Эркек киши Сары-Ой айылындагы пансионаттардын биринин аймагында эс алып жатып, кечки убакта сууга чөмүлүүнү чечкен.