Министрлик жаңы университеттин корпусу качан ачылары тууралуу айтып берди

Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусств университетинин жаңы окуу корпусу жаңы окуу жылына даяр болот. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев бул тууралуу «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиа долбоорунун алкагында курулуш жайына болгон сапарында билдирди.

Министрдин маалыматына ылайык, жаңы корпусунун курулушу быйылкы жылдын жазында башталган. Беш кабаттуу имарат 8 500 квадрат метрден ашык жерди ээлейт. Курулуш иштерин аяктоо августтун аягына пландалууда, ошентип жаңы окуу жылына университет студенттерди кабыл ала алат.