Куренкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын жаңы имараты жылдын аягына чейин даяр болот



Бишкекте М. Куренкеев атындагы Кыргыз улуттук музыкалык окуу жайынын жаңы имаратынын курулушу аяктоодо, ал жылдын аягына чейин пайдаланууга берилет. Маданият министри Мирбек Мамбеталиев бул тууралуу «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиапроектинин алкагында уюштурулган визит учурунда билдирди.
Министр мурдагы эки кабаттуу имарат авариялык абалда болгондуктан, анын андан ары пайдаланылышы кооптуу экенин белгиледи. Натыйжада, учурдагы талаптарга жооп берген жаңы заманбап комплекстин курулушу башталды.

«Эски имараттын аянты 3000 чарчы метрден ашык болчу. Азыр болсо жалпы аянты 14 миң чарчы метрден ашык жаңы сегиз кабаттуу имарат курулууда. Бул жерде окуу кабинеттер, студенттер үчүн жатакана, ашкана жана 300 орундуу чоң концерттик зал жайгашат. Жылдын аягына чейин окуу жайдын мугалимдери жана студенттери жаңы имаратка көчөт. Учурда студенттер жана педагогдор башка жайларда убактылуу жайгаштырылган. Жаңы имарат даяр болгондо, баары бул жерге кайтып келишет», - деди министр.