Ош шаарында 15 автобус жана микроавтобус маршруттарынын кыймыл схемалары кайра каралат

Ош шаарында коомдук транспорттун кыймыл схемаларын кайра карап чыгуу боюнча комиссиянын кезектеги жыйыны өттү. Мэриядан маалымдалгандай, жыйында жергиликтүү автотранспорт ишканасынын беш автобус жана он микроавтобус линияларынын маршруттары каралды.

Кыймыл схемаларын кайра карап чыгуу, жашоочулар үчүн транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртууга, жолдо болгон убакытты кыскартууга жана коомдук транспорттун жалпы натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган. Кийинки жыйында дагы он микроавтобус маршруту боюнча учурдагы схемаларды талкуулоо жана шаардагы жаңы инфраструктуралык өзгөрүүлөрдү жана жүргүнчүлөрдүн муктаждыктарын эске алуу менен алардын оптимизациясы боюнча маселелер каралат.