
Кыргызстандын экономика жана соода министри Бакыт Сыдыков Нью-Йорктогу БУУнун штаб-квартирасынын жогорку деңгээлдеги саясий форумунда туруктуу өнүгүү боюнча сөз сүйлөдү. Өз сөзүндө ал эл аралык коомчулукка таасир эткен актуалдуу глобалдык чакырыктарга, анын ичинде климаттын өзгөрүшүнө, куралдуу конфликттерге, глобалдык жеткирүү чынжырларындагы үзгүлтүктөргө жана технологиялык теңсиздикке көңүл бурду.