Кыргызстан жана Япония билим берүү тармагында кызматташууну кеңейтүүнү пландаштырууда




Кыргызстан Республикасынын билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева 14-июлда Япониянын өлкөдөгү Чрезвычайный жана ыйгарым укуктуу элчиси Хирано Рюити менен жолугушту. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Жолугушууда кыргыз-япон кызматташтыгын өнүктүрүү багыттары, ошондой эле Япониянын алдыңкы билим берүү мекемелери жана компаниялары менен өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Догдуркүл Кендирбаева Кыргызстаннын япон тажрыйбасын, өзгөчө балдарды тарбиялоо, алардын өз алдынчалыгын өнүктүрүү жана маанилүү көндүмдөрдү эрте курактан калыптандыруу боюнча кызыгуусун белгиледи.
«Билим берүү боюнча кызматташтык биздин өлкөлөр үчүн чоң мааниге ээ. Биз Япониянын расмий органдары менен, анын ичинде эки өлкөнүн билим берүү министрликтери арасында расмий өнөктөштүктү түзүү аркылуу өз ара аракеттенүүнү мындан ары да бекемдөөгө даярбыз», — деп баса белгиледи министр.

Анын айтымында, ведомстволор аралык келишимдин кол коюлушу тажрыйба алмашууну кеңейтүү, билим берүү дипломатиясын бекемдөө жана адам капиталынын өнүгүшү үчүн маанилүү кадам болот.
Япониянын элчиси Хирано Рюити да билим берүү тармагында эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана жаңы биргелешкен инициативаларды ишке ашырууга даяр экенин билдирди.