Мамлекеттик салык кызматы алкогольдук продукцияны өндүрүү процессинде сырьенин чыгымдары жана этил спиртинин табигый жоготуулары боюнча бирдиктүү эсептөө эрежелерине байланыштуу буйрук долбоорун сунуштады. Документти талкуулоо ачык форматта өтүп жатат.
Документтин иштеп чыгуучулары учурда ар бир өндүрүүчү сырьенин чыгым нормаларын жана спирттин кабыл алынуучу жоготууларын өз алдынча белгилеп жатканын белгилешет. Бул ишканалардын ар кандай методикаларды колдонушуна алып келет: окшош технологиялык процесс учурунда бирөөлөр спирттин жоготуусун 1,5 пайыз деңгелинде көрсөтсө, башкалары 3,5 пайыз, ал эми кээ бирлери жоготууларды такыр тааныбайт.