Манас шаарында 5 миң 200 орунга ылайыкташтырылган спорт комплекси үчүн сметалык баа кайра каралды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги маалымдады.
Ортодон спорт комплекси 2025-жылы мэриянын демилгеси менен курула баштаган. Проекттин баштапкы сметалык баасы 3 миллиард сомдон ашып кеткен, бирок президенттин тапшырмасы боюнча долбоордук-сметалык документация кайра текшерилгенден кийин сумма туураланды.