Кара-Суу райондук соту Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидиновду коюлган беренелердин бир бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, 6 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.Соттун пресс-релизинде айтылгандай, Кылмыш-жаза кодексинин 1997-жылдагы редакциясы 30-беренесинин (Кылмышка шериктеш болуу) жана 304-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) бир нече пункттары боюнча...