Нарын облусунун Кочкор районунда базарда ур-тепкиге алынган дыйкан менен аны сабаган соодагерлер милициянын катышуусунда жарашты. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.14-июль күнү социалдык тармактарда “Оштуктар бул базарда соода кылбасын деп, Кочкор районунун базарында дарбыз саттырбай байкени уруп салышкан” деген жазуу менен видеоматериал жарыяланган. Анда бир нече адам соодагерлердин бирин кууп, сабап жатканы тартылган.Аталган факты боюнча окуя мыйзамда...