АКШнын Россияга салган санкциялары боюнча мыйзам долбоорунун жаңыланган вариантында РФтин мунайы менен газын эң көп сатып алган беш өлкө үчүн бажы алымынын эң жогорку чегин 500 пайыздан 100 пайызга чейин төмөндөтүү каралган. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги тиешелүү документтерди карап чыгып жазды.