15-июлда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев “Олд Бишкек” соода комплексинин аймагында көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.Бишкек шаары боюнча архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгынын маалыматы боюнча, жер алдындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк техникалык режимде ачылган, бирок ушул күнгө чейин объектти пайдаланууга берүү расмий түрдө ишке ашырылган эмес. Буга карабастан, комплекстин аймагындагы коммерциялык объекттер өз алдынча иш жүргүзүп келишет.“Баарыбыз шаарды...