Old Bishkek жер алдындагы өтмөгүндөгү бардык соода түйүндөрү жабылууда. Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында, долбоордун жетекчилиги ЦУМдун жанындагы курулманы белгиленген мөөнөттө демонтаждаган эмес. Мэр аны алып салууга эки жума убакыт берген. Бул талап аткарылбагандыктан, соода түйүндөрүн жабуу чечими кабыл алынган.Жунушалиев ошондой эле соода жайлары расмий түрдө пайдаланууга берилбегенин белгиледи. Анын айтымында, сатуучулар бардык дооматтарын долбоордун жетекчилигине, башкача айтканда ижара берүүчү тарапка билдириши керек.