Испаниянын улуттук курама командасы футбол боюнча өтүп жаткан дүйнө чемпионатынын жарым финалында Францияны 2:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.АКШнын Даллас шаарындагы стадиондо өткөн беттеште Испания командасы 22-мүнөттө эсепти ачты. Франциянын коргоочусу Люка Динь испаниялык чабуулчу Ламин Ямалга каршы эреже бузуп, 11 метрлик айып топту испаниялык чабуулчу Микель Оярсабаль таамай тепти. Беттештин 58-мүнөтүндө Педро Порро экинчи голду киргизди.Испания менен Франция Европанын эң күчтүү курама...