1920-жылдардын соңунда совет бийлиги кулактарды тап катары жоюу урааны менен миңдеген кишилерди күчтөп журт котортуп, шарты катаал аймактарга сүргүнгө айдаган. Ысык-Көлдөн жана Чүйдөн ондогон үй-бүлөлөр “кулак”, “бай-манаптын тукуму” деп айыпталып, Украинага сүргүнгө айдалат. Алардын арасында бир тууган Жанузаковдор дагы чогуу кеткен. Иса жана Израил Жанузаковдор үч жолу жазаланган репрессия курмандыгы. “Куугунтук курмандыктары” подкастында аларды кыздары эскерет.