Муниципалдык «Бишкек шаардык транспорт» ишканасынын базасында жолдордо коопсуздук маселелерине арналган жыйын өттү. Иш-чарага коомдук транспорттун айдоочулары, борбордун мэриясынын өкүлдөрү, ошондой эле Ички иштер министрлигинин Башкы башкармалыгынын жана Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери катышты.

Жыйындынын негизги максаты жол кырсыктарынын алдын алуу жана айдоочулук маданиятын жогорулатуу болду. Катышуучулар жол кыймылынын эрежелерин жана белгиленген ылдамдык режимдерин сактоонун маанисин, ошондой эле бардык жол кыймылынын катышуучулары арасында өз ара урматтоонун зарылдыгын талкуулашты.