Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн учкучсуз системаларынын командачысы Роберт Бровди ("Мадяр") 15-июлга караган түнү Кара деңизде Орусияга таандык 20 кеме, анын ичинде 17 танкер талкаланганын билдирди."Азов деңизиндеги көмүскө флоттун 116 кемеси – деңиз салгылашуусунун биринчи раунду аяктады. Эми Кара деңиз. Бүгүнкү күнгө 20:0, анын ичинен 17 мунай ташыгыч, экөө газ ташыгыч, бири буксир талкаланды. Расмий отчет кийинчерээк болот", - деп жазды ал. Согуш шартында бул маалыматты...