Жогорку окуу жайларга кабыл алууну жүргүзүп жаткан “Абитуриент онлайн” сайты үзгүлтүккө учурап, кайрадан иштеди. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлады.“Автоматташтырылган маалыматтык системанын расмий сайтынын иши толук калыбына келтирилип, учурда колдонуучулар үчүн жеткиликтүү экенин маалымдайт. Буга байланыштуу абитуриенттер документтерин кадимки тартипте тапшырууну уланта алышат”, – деп кабарлады министрлик.Техникалык мүчүлүштүк кечээ саат 15:00дөн...