15-июлга караган түнү орус аскерлери Украинанын Сумы облусундагы конуштардын бирине кассеталык ок-дары менен сокку урганын жергиликтүү администрациянын башчысы Сергей Кривошеенко билдирди.Анын айтымында, чабуулдан жалпы жети киши жараат алды. Жабыркагандардын арасында катуу стресске кабылган 11 жаштагы бала да бар. Шаршемби күнү дарыгерлер жараат алгандардын экөө — 30 жаштагы эркек жана 59 жаштагы аял оор абалда экенин маалымдашты.«Көчөлөрдө жарылбай калган ок-дарылар калып калышы ыктымал,...