
«Олд Бишкек» комплекси мэрия тарабынан өткөрүлгөн выездное жыйындан кийин расмий түшүндүрмө жарыялады. Компаниянын билдирүүсүндө муниципалдык бийликтер, бизнес жана шаар тургундары ортосунда түшүнбөстүктөрдү болтурбоо үчүн учурдагы кырдаал боюнча объективдүү түшүндүрмөлөрдү берүү зарылдыгы белгиленет.
«Биз борбордун жетекчилигинин шаардык инфраструктураны жакшыртууга болгон аракетин толук колдойбуз, бирок айрым айтылган пикирлер техникалык жана уюштуруу жагынан тактоолорду талап кылат», — деп айтылат билдирүүдө. Айрыкча, жер астындагы өтмөктүн ачылышы өз алдынча болгон эмес. Анын ачылышы учурунда бардык катышуучулардын приоритети шаар тургундары үчүн коопсуз жана ыңгайлуу транзитти камсыздоо болгон, ошондуктан өтмөк расмий салтанатсыз ачылган.