«Тундук» тиркемесинде коррупция учурлары тууралуу билдирүү функциясы жеткиликтүү болуп калды. Бул жаңы санариптик кызмат Генералдык прокуратура тарабынан «Укук» мекемеси жана «Тундук» ААК менен биргеликте иштелип чыккан.
Билдирүү берүү үчүн колдонуучулар «Тундук» тиркемесин ачып, «Коррупция тууралуу билдирүү» опциясын тандап, электрондук форманы толтуруп, кааласаңыз, арызды жөнөтүүдөн мурун тастыктоочу документтерди тиркеп алышы керек.