
Алуучулардын саны өткөн жыл менен салыштырганда өстү
2026-жылдын башынан бери «Балага сүйүнчү» бир жолку төлөмүн 67 468 жаңы төрөлгөн баланын үй-бүлөсү алды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматы боюнча белгилүү болду.
1-июлга карата республикалык бюджеттен аталган төлөмдү каржылоого 271 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн.
Салыштыруу үчүн, өткөн жылдын ушул мезгилинде 65 967 баланын үй-бүлөсү жардам алды.
Министрликтен «Балага сүйүнчү» - бул бала төрөлгөндө үй-бүлөлөргө республикалык бюджеттин эсебинен берилген бир жолку мамлекеттик жардам экендигин такташты.