Кыргызстан жана Түркия инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү. Жолугушуу Кыргыз Республикасынын Инвестициялар боюнча Улуттук агенттигинде өтүп, инвестициялык климатты жакшыртуу жана негизги багыттарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча чаралар талкууланды.
Талкуунун жүрүшүндө тараптар инвестиция тармагында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдеп, инвестицияларды тартууга жана биргелешкен демилгелерди колдоого шарттарды түзүүгө көңүл бурушту.

Негизги көңүл экономикалык өнүгүүгө жана Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы өнөктөштүк байланыстарын бекемдөөгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга бөлүндү.