Евразия экономикалык комиссиясы (ЕЭК) экспресс-жүктөр үчүн жүргүнчүлөрдүн бажы декларациясын толтуруу эрежелерин жаңыртты. Комиссиянын жакында өткөн коллегиясында Казахстан жана Кыргызстан аймагында колдонулган декларацияларда мобилдик телефондордун жана планшеттердин IMEI-коддорун көрсөтүүнүн зарылдыгы боюнча чечим кабыл алынды.
Бул өзгөртүүлөр аталган өлкөлөрдө мобилдик түзмөктөрдү каттоо жана верификациялоо процессин жакшыртууга багытталган. Жаңы эрежелер жеке колдонууга арналган жана экспресс-жүк ташуучулар тарабынан ташылып жаткан товарларга тиешелүү.