Бишкекте чыгыш айланма жолунун жана Иманалиев көчөсүнүн курулушун тездетет
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев чыгыш айланма жолунун, Иманалиев көчөсүнүн капиталдык ремонтунун жана Саманчина көчөсүнүн ачылышы боюнча курулуш иштерин тездетүүнү тапшырды. Ал бардык иштердин белгиленген мөөнөттөрүн жана сапатын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Шаар башчысы курулуш жана ремонт стадиясындагы бир нече жол объектилерин текшерди. Объезд учурунда ал Иманалиев көчөсүндөгү капиталдык ремонт иштери башталган участокту зыярат кылды.