Зинедин Зидан Франция улуттук командасын дүйнө чемпионатынан кийин башкарып калат
Зинедин Зидан, мурда мадриддик «Реалдын» башкы машыктыруучусу, 2026-жылдагы дүйнө чемпионатынын аякташынан кийин Франциянын футбол боюнча улуттук командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалат. Бул маалымат чет өлкөлүк маалымат каражаттары тарабынан белгилүү журналист Фабрицио Романого шилтеме берип жарыяланды.
Интернеттен алынган сүрөт. Зинедин Зидан
Маалыматка ылайык, турнирдин аякташынан кийин башкы машыктыруучу кызматын 14 жыл бою команданы жетектеп келген Дидье Дешам таштап кетет.

Франциянын улуттук командасы жакында дүйнө чемпионатынын жарым финалында Испанияга 0:2 эсебинде жеңилип калды. Эми команда үчүнчү орун үчүн оюн өткөрүүгө даярданууда.