
Чолпон-Атадагы Чынгыз Айтматов атындагы «Рух Ордо» маданий борборунда 18 жана 19-июлда искусство чеберлеринин концерти жана Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн гала-концерти өтөт. Бул иш-чара Кыргызстаннын ШКУдагы төрагалыгы жана уюмга мүчө мамлекеттердин маданият министрлеринин 23-отурумуна арналган маданий программа алкагында уюштурулууда.
Концерттер 19:00дө башталат. Иш-чараларга Кыргызстан, Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Пакистан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстандан чыгармачыл делегациялар катышат. Көрүүчүлөр өз өлкөлөрүнүн музыкалык, вокалдык, аспаптык жана хореографиялык искусствосунун мыкты үлгүлөрүн көрсөтүүчү белгилүү топтордун жана аткаруучулардын чыгыштарын көрүп, ырахат алышат.