Кыргызстанда 15-июлдан 18-июлга чейин аномалдуу ысык аба ырайы күтүлүүдө, температура 43 градуска чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдайт.

Күндуз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө температура 38-40 градуска чейин көтөрүлөт, ал эми айрым жерлерде Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында температура 41-43 градус болуп күтүлүүдө.