Ош базарында Бишкекте тогуз тамактануучу жай жабылды
Бишкекте, Бейшеналиев көчөсүндө Ош базарынын аймагында тогуз тамактануучу жай жабылды. Бул маалымат борбордук мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунан алынды.

Адистер райондук администрациянын жана Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте рейд өткөрүштү.






Жабылган жайлардын иши санитардык-эпидемиологиялык нормаларды бузган бардык кемчиликтер жоюлгандан кийин гана кайрадан жандандырыла турган болду. Жайларга айып пул салынган жок.